Корея Кыргызстандын жарандарына виза берүү процессин жандандырды. Бу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-февралынан тарта Кыргызстан Кореяга убактылуу кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды.

Буга байланыштуу 8-февралдан тарта Кыргызстандын жарандарына узак мөөнөттөгү (эмгек, студенттик, үй-бүлөлүк) визаларды каттоо жана берүү процесси жанданды.

Белгилүү болгондой, корей тараптын алгылыктуу чечими эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жана элчиликтеринин жемиштүү ишинин натыйжасы, ошондой эле Кыргызстандагы коронавирус боюнча туруктуу эпидемиялык кырдаалга негизделген.