Биз менен байланышыңыз

Оренбургдагы 448 кыргызстандык орус-казак чек арасынан өтүштү

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 1149 | 0

Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 кыргыз жараны мекенине келүү үчүн орус- казак чек арасынан өтүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын Оренбургдагы Ардактуу консулу менен биргеликте Орусиянын жергиликтүү бийлик органдырынын кызматташуусу менен жарандарды Бузулук районунан чек арадагы «Сагарчын – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келүү маселесин иштеп чыгышкан.

Учурда Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин кызматкерлери тарабынан кыргызстандыктарды өкмөт камсыздаган 9 автобуска отургузуу иштери аяктоодо, алар казак жол полициясынын коштоосунда бирдиктүү колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасы көздөй бет алышат.

Коронавирус инфекциясынын жайылуусунан улам киргизилген чектөөлөр шарттарында, мекенине кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын ишке ашыруу улантылууда.

ТИМ Орусияда жүргөн кыргызстандыктарды Оренбург облусуна барбоого чакырат, анткени орус-казак мамлекеттик чек арасы дагы эле жабык бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM