Биз менен байланышыңыз

COVID-19: чет өлкөлөрдөн 20 миңден ашуун жаран кайтып келди

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 583 | 0

Чет өлкөлөрдөн коронавирус инфекциясы чыккандан баштап учак жана транспорт менен 20 миң 638 Кыргызстандын жараны кайрылып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев билдирди.

Жарандарыбызды кайтарып келүү боюнча иштер президенттин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул процесске тартылган бардык элчиликтер, башкы консулдуктар күнү-түнү иш алып барышууда.

Ниязалиевдин айтымында, мекенине кайтууну көздөгөн жарандардын саны көп. 6–июлга карата алынган маалыматта 57 мамлекеттен 7812 жаран Кыргызстанга келүүнү көздөп, элчиликтерге жана консулдуктарга кайрылышкан.

Жарандарды кайтарып алуу боюнча иштер президенттин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM