Биз менен байланышыңыз

Минск шаарынан 179 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 834 | 0

Бүгүн, 2-июнда, «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы боюнча Белорусиядан Кыргызстанга 179 жаран кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учуу Президенттин жана Өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус пандемиясынын кесепетинен чек аралардын убактылуу жабылышына жана эл аралык жүргүнчү аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарын кайтарып берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды.

Аталган рейс менен Белорусиядагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулуп, Австрия, Армения, Белорусия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Голландия, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария, Эстониядагы кыргызстандыктар мекенине кайтып келди.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Европадагы чет өлкөлүк агенттиктерине берилген арыздардын негизинде түзүлгөн.

Учурда келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн көрсөтүлгөн тартипте обсервацияга жайгаштырылууда.

Чет өлкөлөрдө жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча иштер улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM