Биз менен байланышыңыз

Оренбургда каза болгондорду мекенине алып келүүгө Өкмөт кол кабыш кылат

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 674 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия Федерациясынын Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 4 жараны каза болду жана 3 жараны жаракат алды. Учурда жаракат алгандар ооруканада.

Өкмөт башчы Тышкы иштер, Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине жана тиешелүү кызматтарга каза болгондорду Кыргызстанга алып келүү маселесине ар тараптуу жардам берүүнү таптшырды.

Мындан сырткары, жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM