Биз менен байланышыңыз

Токмокто жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 457 | 0

Токмокто 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү болжол менен 11:30дар чамасында Гагарин жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Раф 4» жана «Мазда» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Раф 4» унаасындагы жигит менен кыз каза болуп, жалпы 7 киши жабыркаган.

Учурда кырсыктын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM