Биз менен байланышыңыз

Токмок шаарынын мэрин шайлоо датасы белгилүү болду

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 393 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаарынын мэрин шайлоо күнүн бекитти. Шайлоо 26-августта саат 09:00 — 12:00 аралыгында өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-августтагы № 157 чечими менен Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттары катталып, аларга күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилер берилген.

9-августта Токмок шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Биринчи сессияга Токмок шаардык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты. 

Кошумчалай кетсек, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын 43-беренесине ылайык шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.

Эске салсак, буга чейин Ош жана Бишкек шаарларынын жаңы мэрин шайлоо 26-августка белгиленген болчу.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM