Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Токмок шаарында COVID-19 катталганы туура (видео)

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 991 | 0

Токмок шаарында COVID-19 учуру катталганы туура. Тастыкталды.  Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жаран Балыкчы шаарынын тургуну болгон, бирок ал тастыкталган жерине карап катталып, эсепке алынат.

— «Токмокто инфекция жуктурган маалымат боюнча тактоо керек, бул COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлар жарандардын катталган жери боюнча эмес, жайгашкан жери боюнча аныкталат. Бул жаран обсервацияда жаткан. Аны биз изоляцияга алдык», —  деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 339ге жетти. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM