Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт иштери башталды

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 810 | 0

Бүгүн, 12-мартта Кыргызстандын бир катар шаарларында белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт иштери старт алды. 12-апрелде Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланат. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсыл шаарларда канча партия ат салышууга укук алганын жарыялады.

Тизме төмөндөгүдөй:

Өлкөнүн экинчи борбору катары эсептелген Ошто 120 миңден ашуун шайлоочу бар. Шаардык кеңешке 9 саясий партиянын талапкерлери ат салышат. Алар:

  1. “Бир Бол”;
  2. “Эмгек”;
  3. “Бирик”;
  4. Кыргыз либерал-демократиялык партиясы;
  5. “Уулу-Журт”;
  6. “Кыргызстан”;
  7. “Биримдик”;
  8. “Өнүгүү-Прогресс”;
  9. “Мекеним Кыргызстан”.

30 миңден ашык шайлоочу жашаган Токмок шаарына катышып жаткан саясий партиялар болсо булар:

  1. Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы;
  2. “Эл биримдиги”;
  3. “Ата Мекен”;
  4. “Эмгек”;
  5. Кыргыз либерал-демократиялык партиясы;
  6. “Кыргызстан”;
  7. “Биримдик”;
  8. “Өнүгүү-Прогресс”;
  9. “Мекеним Кыргызстан”.

32 миң шайлоочу катышат деп күтүлгөн Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында шайлоого аттанган партиялар:

  1. Жашылдар партиясы;
  2. “Республика”;
  3. “Улуу Кыргызстан”;
  4. “Ак Шумкар”;
  5. “Мекен Ынтымагы”;
  6. “Табылга”;
  7. “Бирик”;
  8. “Замандаш”;
  9. Кыргыз либерал-демократиялык партиясы;
  10. “Улуу-Журт”;
  11. “Кыргызстан”;
  12. “Биримдик”;
  13. “Өнүгүү-Прогресс”;
  14. “Мекеним Кыргызстан”.

25 миң шайлоочу туруктаган Балыкчы шаарына катышып жаткан саясий партиялар:

  1. КСДП;
  2. “Ата-Журт”;
  3. “Мекен Ынтымагы”;
  4. “Табылга”;
  5. “Замандаш”;
  6. “Эмгек”;
  7. “Улуу-Журт”;
  8. “Кыргызстан”;
  9. “Биримдик”;
  10. “Өнүгүү-Прогрес”;
  11. “Мекеним Кыргызстан”.

11 миң шайлоочусу бар Майлуу-Суу шаарындагы өтүүчү шаардык кеңешке катышкандар:

  1. “Эл мурас”;
  2. “Замандаш”;
  3. “Кыргызстан”;
  4. “Биримдик”;
  5. “Өнүгүү-Прогресс”;
  6. “Мекеним Кыргызстан”.

Copyright © 2017 Maral FM