Биз менен байланышыңыз

Токмок шаарына эки айда жети миңге жакын жаран катталды

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 495 | 0

Апрелде боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата жүрүп жаткан массалык катталуунун алдын алуу  боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иш чарасынын натыйжасында, январь- февраль айларында Токмок шаардык калкка паспорт берүү жана каттоо бөлүмүнө 6 745  жаран катталгандыгы аныкталды. Бул боюнча Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүү көрсөткөндөй, каттоо кызматынын кызматкерлери үй ээсинин макулдугусуз жана зарыл болгон документтери жок  туруктуу жашоо үчүн жарандарды каттоого алган учурлар аныкталган. Токмок шаардык прокуратура кызматы 150дөн ашык жарандын мыйзамсыз катталгандыгын аныкташкан.

Ошондой эле мыйзам бузуулар Кемин жана Аламүдүн райондорунун калкка паспорт берүү жана каттоо бөлүмдөрүндө катталган.

22- февралда аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 320- беренесинин 2-бөлүгү боюнча каттого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Учурда прокуратура органдары тарабынан «Кыргыз Республикасынын ички миграция жөнүндө»  мыйзамынын  аткарылышын көзөмөлдөө жана массалык катталууну көзөмөлгө алуу боюнча текшерүүлөр жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM