Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу тойдон уулануунун себеби аныкталды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 759 | 0

Токмок шаарындагы «Мегаполис» кафесинен тамакка ууланган 174 адам ооруканага кайрылган. Алардын 78и ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 9-июлга карата алынган маалымат боюнча, учурда Токмок аймактык ооруканасында 10 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл бөлүмү Токмоктогу тамак-аштан массалык уулануунун себебин аныктоо үчүн тамак-аш калдыктарына, ашкана буюмдарына, идиш-аяктарга лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Ошондой эле, бейтаптардан клиникалык анализ алынган. Анын жыйынтыгында ууланууга «Salmonella» микробу себеп болгондугу аныкталды.

Учурда уулануу катталган «Мегаполис» кафеси Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен убактылуу жабылды. Ал санитардык көзөмөлдү калыбына келтирмейинче ачылбайт.

Эске салсак, 29-июнда Токмок шаарындагы «Мегаполис» кафесинде 256 адам катышкан үйлөнүү той өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM