Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу тойдо тамакка уулангандар 67ге жетти

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 707 | 0

Токмок шаарындагы «Мегаполис» кафесинде массалык уулануу катталды. Учурда ооруканага кайрылгандардын саны 67ге жетти. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу борбору кабарлады.

«Жалпысынан ооруларды алдын алуу борборуна 67 адам кайрылган. Анын 58и жаткырылган. Калган 9 киши амбулатордук түрдө дарыланган», — деп айтылат Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу борборунун билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык 29-июнда Токмок шаарындагы «Мегаполис» кафесинде 256 киши катышкан үйлөнүү-үлпөт той өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM