Биз менен байланышыңыз

Айдоочу Toyota Ist менен милицияны сүзүп кетти (видео)

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 8273 | 0

Бишкекте Toyota Ist унаасы менен Патрулдук милиция кызматкерин сүзүп кеткен окуя тартылып калган видео тарады. Окуяны видеоблогер Болот Ибрагимов өзүнүн youtube.com каналына чыгарды. Видеодо айдоочу унаанын алды жагына асылып калган милиция кызматкерин сүрүп баратканын көрүүгө болот.

Окуя 17-апрелде күндүз катталган. Toyota Ist унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырган. Жапа чеккен Патрулдук кызматтын инспектору болсо, Бишкектеги улуттук травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Окуядан бир канча саат өткөн соң, айдоочу өзү милицияга келген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланат.

Copyright © 2017 Maral FM