Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы Патрулдук милиция кызматы жумушка чакырат

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1564 | 0

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы Ош шаарында түзүлүп жаткан Патрулдук милиция кызматына бош орундарга бүгүн конкурс жарыялады.

Ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо тобунун эксперти Тамерлан Ибраимовдун белгилешинче, бош орундар боюнча сынакка катышып жаткандар кенже жана орто курамга, ошондой эле патрулдук милициянын башчысы менен орун басарлыгына, улук инспектор менен батальондун командирлигине талапкер боло алышат.

Ош шаарындагы патрулдук милиция жеке эле жол коопсуздугуна эмес, жалпы коомдук коопсуздукка көзөмөл кылат. Милициялар дайыма кыймылда болуп, өзүнө бекитилген аймакты кыдырып, мыйзам бузууларды каттап, кылмыштуулуктун бетин ачып, жарандарга укуктук тейлөө кызматтарын көрсөтүшөт”, — дейт Тамерлан Ибраимов.

Ош шаарынын патрулдук милициясына документтерди кабыл алуу ушул жылдын 16-апрелинде аяктайт. Бул боюнча Ош шаарындагы Касымбеков көчөсү, 30 дарегине, жана 3-95-63, 3-95-62 телефон номурларына чалып билсе болот.

Copyright © 2017 Maral FM