Биз менен байланышыңыз

Аскердик унаа жол кырсыгына кабылды

Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 662 | 0

Бишкекте аскердик унаа кырсыкка кабылып, жол четиндеги дүкөндү сүзүп кетти. Окуяны күбөлөр сүрөткө тартып, социалдык тармактарга жүктөдү. Аскердик унаа батыш автобекеттин жанында жолдон чыгып кетип, дүкөндү сүзүп токтогон.

Бул маалыматты Кайгуул милициясы да тастыктап, “ЗИЛ” унаасы “Дэу-Ланос” унаасы менен кагышып, натыйжада, жолдон чыгып кеткен. Кырсык Жибек-Жолу жана Кулиев көчө кесилиштеринде бүгүн эртең мененки саат 08:00дө катталган. Себептери аныкталууда.

Кырсыкта жабыркагандар болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM