Биз менен байланышыңыз

20-майда Оренбургдан кыргызстандыктар алынып келинет

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 193 | 0

20-майда Оренбург-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул авиакаттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткарууда жетишилген эки өлкөнүн жарандарын өз ара колдоо жөнүндө Орусия жана Кыргызстандын тышкы саясаттык сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашты.

Бул авиакаттамга отургузуу учурунда кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Орусиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет.

Кыргызстанга келгенден кийин бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн байкоого (обсервацияга) жайгаштырылат.

Чет мамлекеттерде, анын ичинде Орусияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM