Биз менен байланышыңыз

Ошто туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 394 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган “Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021” аттуу биринчи аймактык туристтик форуму жана “Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында” аттуу туристтик көргөзмө-жарманкеси болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Туризм департаменти, Ош шаарынын мэриясы, эл аралык жана ата мекендик өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштулду.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, чет элден келген дипломаттар, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, туристтер жана өлкө боюнча чогулган жеке ишкерлер катышты.

Борбордук аянтта уюштурулган туристтик көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүштү.

Copyright © 2017 Maral FM