Биз менен байланышыңыз

Баткендеги чек ара окуясында курман болгондордун жакындарына жаңы үйлөр тапшырылды

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 402 | 0

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курман болгон 36 адамдын жакындарына жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара 16-сентябрда өтүп, ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, үйлөр «Ихлас» жана SMA group компаниялары тарабынан каржыланып, курулган. Үйлөр үч бөлмөлүү болуп, заманбап шарттар түзүлгөн.

Эске салсак, 28-29-30-апрелде Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM