Биз менен байланышыңыз

Партиялар 3-сентябрга чейин шайлоого катышары тууралуу билдириши керек

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 300 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 29-августтаг № 370 Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди.

Ошондой эле 29-августта Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйналышында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планды бекитти.

Календарлык планга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, шайлоого катышары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек.

Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.

Жазуу жүзүндө билдирме жиберүүнүн акыркы күнү 3-сентябрь саат 18.00гө чейин.

Copyright © 2017 Maral FM