Биз менен байланышыңыз

Жалалидин Рахматуллаев соңку жумада вирус күчөгөнүн белгиледи (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 605 | 0

Ушул жылдын апрель айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 7 күн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны — жугуштуулугу) Rt 1,3 түздү.

«Пандемия башталгандан бери коронавирустук инфекциянын эки толкуну 2020-жылдын июль жана ноябрь айларында катталды. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, үчүнчү толкун байкалууда«, — деди Рахматуллаев .

Ошондой эле Рахматуллаев коронавирустун катталган британ, түштүк-африка, индия штаммдары төмөнкү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган шартта калк арасында оорунун көбөйүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгиледи:

  • коомдук жайларда беткап режимин, колдун гигиенасын сактабоо;
  • чектөөлөргө карабастан маданий массалык жана салтанаттуу иш-чаралардын өткөрүлүшү;
  • коомдук тамактануу жайларында, транспортто, соода борборлорунда, базарларда жана башка жайларда аралыкты сактабоо;
  • вирустук инфекциянын белгилери бар адамдардын мектепке, жумушка жана коомдук жайларга баруусу.

Copyright © 2017 Maral FM