Биз менен байланышыңыз

Жапаров финансы жана экономика кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 725 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, финансылык-экономикалык система өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизи болуп санала тургандыгын белгилеген.

«Бүгүнкү күндө республиканын аталган тармагында кесиптик деңгээли жогору адистер иштейт, алар өлкөнүн интеллектуалдык потенциалынын орчундуу бөлүгүн түзөт. Биздин финансисттердин жана экономисттердин потенциалы мамлекеттин экономикалык өсүү темпин жогорулатууга, тең салмактуу бюджетти камсыздоо жаатындагы милдеттерди жогорку деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле глобалдык чакырыктардын алдында экономикалык туруктуулукту камсыздоого кудурети жетет деп ишенем» , — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчы ошондой эле экономиканын мындан аркы өнүгүүсү алардын күжүрмөн эмгеги жана аракетине байланыштуу экенин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM