Чүй облусунун аймагында 24-майдан 30-майга чейин 2 миң 423 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу — 24;
- Жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу — 1 881;
- Документи жок айдоо — 24;
- 42 унаа айып жайга токтотулган.