Биз менен байланышыңыз

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча эки экспертиза дайындалды

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 716 | 0

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 12 жашар өспүрүм Игорь Якуниндин өлүмү боюнча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, Якуниндин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Учурда дайындалган экспертизалардын корутундулары күтүлүүдө, анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.

Якуниндин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Материалдар Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына берилген. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Эске салсак, бул чуулгандуу окуя 1-июнда болуп, бирок ачыкка 2 жумадан кийин гана чыккан. Балдар үйүнүн жетекчилиги «баланын жүрөгү ооруп каза болду» дешсе, күбөлөр таяк жеп өлгөнүн айтышкан болчу.

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүм бир жылдан кийин «ата-энелүү» болмок

Copyright © 2017 Maral FM