Биз менен байланышыңыз

Милиция 2019-жылы дайынсыз жоголгон Нарынбек Исаевге издөө салат

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 530 | 0

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1970-жылы туулган Исаев Нарынбек Калыевичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын 5-октябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы кыска кара түстө, чап жаак, кой көз.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү күрмө, көк түстөгү көйнөк, кара түстөгү жайкы баш кийим, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Нарынбек Исаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар:

  • Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85,
  • Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 61 69 07, 0703 17 17 70708 10 81 10 (издөө тобу).

Copyright © 2017 Maral FM