Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 312 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Президенттик Админстрациянын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.

Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты.

Бүгүн, 25-майда, Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Copyright © 2017 Maral FM