Биз менен байланышыңыз

Акматов: «Жүк-200гө» акчаны камсыздандыруучу компания эмес, фондго чогултуу керек

Блог | 18 мая 2021 | 1230 | 0

Чет жакта каза болгон кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү үчүн бир топ каражат керектелет. Жаңы мыйзамга ылайык, чет өлкөгө чыккан ар бир жаран өз өмүрүн кепилдеп кетүүсү айтылган. Бул тууралуу жаңы мыйзам жазылып, 12-майда коомдук талкууга коюлду. Буга байланыштуу Москвадагы «Ноокат» коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов менен маектештик.

— Толкунбай мырза, сиз бир канча жылдан бери «Жүк-200» боюнча мигранттардын фондун түзөлү деп демилге көтөрүп жүрөсүз. Азыр Өкмөттүн сунушу менен депутат Экмат Байпакпаев бул маселени камсыздандыруу жолу менен чечүү жөнүндө мыйзам демилгеледи. Демилге сизди канааттандырдыбы?

— Өкмөттүн сунушу жакшы. Биз бул маселени чечүү үчүн 2-3 жыл чуркадык. Камсыздандыруу боюнча 40 миңге жакын кол чогултканбыз. Москвадагы камсыздандыруу компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алардын негизги максаты: бай болуу. Кайрылган жарандарды камсыздандырып, каражат жагынан жардам берели деген ой жок. Жакшысы, өзүбүз камсыздандыруу фондун ачышыбыз керек. Бир жылга 200 сомдон кылып койсо жетиштүү болот. Сөзсүз эле «Жүк-200» эмес, ооругандарга да жардам көрсөтүү керек. Биз командабыз менен ушул маселени көтөрүп чыкканбыз. Ар бир чек арадагы аэропортторго, унаа жана поезд жолдоруна, темир жол бекеттеринде камсыздандырууну каалаган ар бир жаран атайын бланка толтуруп, чек алып өтүшү керек. Чек арадан өткөн сайын ошол чекти көрсөтүп өтө берет. Анын иштешине байкоо салып туруу үчүн 5-6 адамдан турган элдик көзөмөл түзүү керек.

— Камсыздандыруунун жеке жактарга берилүүсүнүн канчалык кооптуулугу бар?

Жеке менчик камсыздандыруу компанияларынан каза болуп калган адамдын акчасын алууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө эч ким акча бергиси келбейт. Жеке жактардын максаты элге жардам берүү эмес, тескерисинче, акча иштетүү маселесин биринчи орунга коюшат. Бул жерде эки жакты бирдей кароо керек.

— Ал эми камсыздандыруу төлөмдөрүн мамлекет өзүнө алса, мыкты башкарып, жөнгө салып кете алабы?

— Мамлекет жакшы менеджер эмес. Мамлекеттик фондго жеке көзөмөл болсо, бул ишти кыймылдатып кете алат. Келип эле кадрдык системага такалат. Жетекчилигине чындап эл-жер үчүн күйгөн бирөөнү коюу керек. Мыкты менеджерди коюу менен башкарып кетсе болот.

— Сиз айткан мигранттардын фонду түзүлсө, ачык-айкындык кантип сакталат?

— Терминалдарды жайгаштырып, ошол аркылуу төлөм жүргүзсө болот. Бул жерде эч кандай кыйынчылык жок. Баары бир базага келип түшөт. Базаны эле жакшы көзөмөлдөп туруу керек. 10-20% чыгаша болот. Кеткен чыгымдарды чыгарып, калганына фонд түзүп, ошол жактан элге берилип турат. Филиппинде ушул сыяктуу фонд иштейт. Чет жерге чыккан ар бир жаран 20 доллардан төлөйт. Учурда алардын фондуна топтолгон каражат 2 млрд долларды түзөт. Ошол 2 млрд долларды банкка депозитке коюшуп, бир жылда 200 млн доллар алышат. Ушул эле системаны Кыргызстанда да колдонсо болот.

Жаңы мыйзам: «Жүк-200дүн» түйшүгү жарандардын өздөрүнө жүктөлөт

Copyright © 2017 Maral FM