Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам: «Жүк-200дүн» түйшүгү жарандардын өздөрүнө жүктөлөт

Коом | 17 мая 2021 | 2441 | 0

Чет жерде эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын ичинен жыл сайын 300гө жакыны ар кандай себептерден каза табат. Алардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн кыйла эле каражат сарпталат. Мындан улам сыртка чыккан ар бир жаран өз өмүрүн кепилдеп кетүүсү айтылууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев мыйзам жазып, ал 12-майда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, эми чет өлкөгө иштеп келүүнү каалаган жарандар өз өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандырып коюп кетиши керек болот.  

Расмий маалыматтар боюнча алсак, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү үй-бүлөдө бирден адам жок дегенде бир жылга чет жерде иштеп келет. Алардын дээрлик көпчүлүгү адам өмүрүнө коркунуч алып келген чөйрөлөрдө эмгектенет.

Долбоордун автору депутат Экмат Байпакпаев билдиргендей, бюджеттин чыгымын азайтуу жана чет жакка чыгып жаткандарга шарт түзүү максатында иштелип чыккан бул мыйзам кабыл алынса, 18 жашка толгон бардык кыргыз жарандары чет өлкөгө чыгар алдында өз өмүрүн жана саламаттыгын камсыздандыруу милдеттендирилет.

— 2019-жылы «Жүк-200дү» алып келүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 14,4 млн сом сарпталган. Жол киренин кымбатташынан улам жыл сайын көбүрөөк акча талап кылынууда. Жыл сайын чет өлкөлөрдө 300гө жакын мекендешибиз кайтыш болот. COVID-19 пандемиясынын жайылышы менен каза болгондордун саны өсүүдө, ошондуктан «Жүк-200» маселеси курч көйгөйгө айланды, аны болушунча тезирээк чечүү зарыл. Камсыздандыруу келишими бир, үч же беш жылга, узартып алуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлөт. Төлөм өлчөмү бир жылга 400 сомдон ашпоосу керек, каза болгон учурда камсыздандыруучу кенемте 100-250 миң сомдон кем эмес белгиленет. Республикалык бюджеттен кошумча акча бөлүү талап кылынбайт.

Тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев бул маселе да коммерцияга айланып кетпеши үчүн жеке менчик эмес, мамлекеттик камсыздоо фонду тарабынан көзөмөлдөнүшү керектигин айтат.

— Ар бир сыртка чыгып жаткан жаран өз өмүрүн кепилдесе, ал жактан кандайдыр бир кырсыкка учураса, жардам берүүгө атайын мүмкүнчүлүктөр каралган. Бир жолу чыкканда 300 сомдон төлөнсө, 1-3 жылга чейин камсыздандыруу болот. Топтолгон каражат кайра эле жапа тарткан тарапка берилет. Сыртта туруктуу иштеп жаткан жарандарыбыз да көп. Эгерде бир нерсе болсо, фонд тарабынан жакшы көмөк болмок. Камсыздандыруу бир гана эмгек мигранттарына эмес, бардык сыртка чыккан жарандарга тиешелүү.

Ал эми экономист Расул Тулеев камсыздандырууну жеке менчик ишканаларга тапшыруу керек деген пикирди карманат.

— Мамлекеттик камсыздандыруу фонддоруна тапшырсак, өлкөнүн экономикалык бюджетине терс таасирин тийгизип алышы мүмкүн. Бизнеске айланып кетет деп коркпоо керек. Камсыздандырууну жеке фонддорго берүү керек. Мамлекеттик камсыздандыруу фонддоруна берилсе, пайдасы да тийбейт. Кырсыкка кабылган адамдардын жакындарына төлөнүп берилиши да күмөн. Бизде камсыздандыруу ишканаларынын ортосунда таза атаандаштык жоктугунан, тилекке каршы, жеке менчик фонддор да коррупциялашып кеткен.

Расмий статистика боюнча бүгүнкү күндө 69 чет өлкөдө 866 миң 825 кыргызстандык эмгектенет. Анын ичинен Орусияда 737 миң 929, Казакстанда 29 миң 835, АКШда 20 миң жаран бар.

Акматов: «Жүк-200гө» акчаны камсыздандыруучу компания эмес, фондго чогултуу керек

Copyright © 2017 Maral FM