Биз менен байланышыңыз

ТИМ: 2020-жылы ишке ашуучу пландар

Кыска кабар , Саясат | 30 Дек 2019 | 828 | 0

Тышкы иштер министрлиги 2019-жылы аткарган иштери жана 2020-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, быйыл министрлик бир катар ири уюмдарга төрагалык кылып, эла аралык аренада аброюн көтөрүүгө жетишкен. Эски жаңы жылдан тарта Франция менен Италияда дипломатиялык мекеме ачылат. Мындан сырткары, Орусиянын 4 шаарында да элчиликтин кошумча бөлүмдөрү ачылат. Ошондой эле, “жүк 200” үчүн төлөнүүчү компенсация 100 000 сомго көтөрүлөрү күтүлүүдө.


Быйыл Тышкы иштер министрилиги март айында бекитилген Тышкы саясаттын жаңы концепциясынын негизинде ири иш-чараларды өткөрүүгө жетишти. Алсак, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинде төрагалык кылды. Стратегиялык өнөктөштөр бир катар мамлекеттер менен өз-ара ынтымакты бекемдөө багытында олуттуу иш-чараларды уюштурулган. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди:

— Жаңы жылда ЕБ менен жаңы келишимге кол коёлу деген максат бар. Учурда бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат. Мындан сырткары, экологиялык дипломатия боюнча жаңы иштерди күчөтүү милдеттери коюлду. Чет жакта жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо жана аларды колдоо маселеси президент Сооронбай Жээнбековдун  негизги приоритеттеринин бири. Андыктан бул боюнча да бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатат. 

2019-жылы Кыргызстанга 319 «жүк 200», тагыраагы, мекендештерибиздин жансыз денелери келген. Басымдуу бөлүгү Орусиядан келип, алардын саны 231ге жеткен. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Алмаз Имангазиев «жүк 200» үчүн төлөнүп берилүүчү компенсациянын өлчөмүн 50 миң сомдон 100 миң сомго жогорулатуу аракеттери жүрүп жатканын кабарлады.

Учурда ТИМдин демилгеси аркылуу Миграция кызматы менен биргеликте «жүк 200гө» берилүүчү компенсациянын көлөмүн 100 миң сомго көтөрүп жатабыз. Буюрса, бул 2020-жылы күчүнө кирет. Мындан сырткары, келе жаткан жылы Орусиянын 4 шаарында (Сургут, Иркутск, Якутск жана Түшүк-Сахалин) элчиликтин кошумча бөлүмдөрү ачылат. Буга кошумча, Орусия тараптан миграциялык мунапыс жарыялоосун суранабыз. Ал эми быйылкы жылы биздин департамент жарандардын укуктарын коргоонун үстүндө иштеди. 

2020-жылы «Кыргыз консул» мобилдик тиркемеси ишке кирет. Ага Кыргызстандын чет өлкөдөгү бардык дипломатиялык мекемелери бириктирилет. Жарандар телефон аркылуу тийиштүү маалыматтарды жана кеңештерди ала алышат.

Ошондой эле жаңы жылдан тарта Австриянын визалык борбору ишке кирет. Натыйжада, Австрияга виза алуучулар Казакстанга барып убара тартпайт, Бишкектен виза ачтырууга шарт түзүлөт. Алмаз Имангазиев Италия менен Францияга да дипломатиялык мекеме ачуу иштери да аяктап калганын белгиледи.

Канадага, Антальяга да консулдук ачуу маселеси көтөрүлүп жатат. Анткени КР жарандары ал жерлерге көп барат. Франция менен Италияга консулдук ачылууда. Быйыл визасыз режимдеги өлкөлөрдүн саны 52ге көбөйдү. 2020-жылы бул санды дагы да жогорулатуу планы бар. Бул аракеттер туризмди өнүктүрүүгө байланыштуу көрүлүп жатат. 1-январдан тарта Австриянын визалык борбору иштеп баштайт. Ал эми Италия менен Испания тарап азыркы күндө ойлонуп жатат. Алар да жакын арада визалык борбор ачып берет деген ойдобуз. 

Буга кошумча, келе жаткан жылы Европа биримдиги — Борбордук Азия экономикалык форумун өткөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев маалымдады. Анын айтымында, форум Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулат.

Мындан сырткары, Кыргыз — орус кызматташтыгы дагы да тереңдейт. Алдыдагы Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылына карата алаканы арттырууга арналган атайын даярдыктар жүрүп жатат. Бул иш-чаралар экономикалык жана экологиялык дипломатияны илгерилетүү багытын көздөйт.

— 2020-жылы Кыргызстанда I экономикалык Европа биримдиги — Борбордук Азия экономикалык форумун өткөрүү пландалууда. Форумду өткөрүүнү Кыргызстан демилгелеп чыгууда. Бул боюнча Европа тарапка айтылган, даярдыктар жүрүүдө. Ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын алкагында экономикалык, саясий, маданият, гуманитардык мүнөздөгү иш-чаралар уюштурулат. Учурда бул эки өлкөнүн дипломатиялык кызматтары аркылуу ишке ашырылып жатат. Бул иш-чаралар Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджин, ордун, аброюн жогорулатып, бекемдөөгө багытталат. Сөзсүз түрдө улуттук кызыкчылыктар эске алынат. 

Тышкы иштер министрлиги алгылыктуу иштеп жатат. Бирок министрлик Европанын стратегиялык жактан маанилүү мамлекеттерине Башкы консулдуктарды ачып, ошол эле учурда айрым өлкөлөрдөгү элчиликтерди жоюшу зарыл. Мындай пикирин дипломат, саясат талдоочу Кубан Мамбеталиев билдирди.

— ТИМ профессионалдуу деңгээлде иштеп жатат. Демилгени министрлик көтөрөт, жемиштүү иштегени ошондо. «Жүк 200гө» төлөнүүчү компенсациянын 2 эсе көтөрүлүүсү жакшы… Бул жарандар үчүн пайдалуу. Эгерде каржылык мүмкүнчүлүк болсо, Рим менен Парижде Башкы консулдук же элчилик ачуу зарыл. Ал эми айрым мамлекеттердеги пайдасы жок элчиликтерди жоюу кажет. Мисалы, бизге Малазиядагы элчиликтин кереги жок. Кытайдагы элчилик Малазияны да камтып алмак. 

Айта кетсек, дүйнөнүн 27 мамлекетинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM