Биз менен байланышыңыз

Италиядагы майрамдык салюттан жүздөгөн канаттуу кырылып калды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 982 | 0

Италиянын борбору Римдеги жаңы жылдык салюттан улам жүздөгөн канаттуу кырылып калды. Бул тууралуу «Corriere della Sera» жазды.

Жергиликтүү тургундар көчөлөрдө, тротуарларда жана үйлөрдүн подъезддеринде өлүп жаткан канаттуулардын сүрөттөрүн жана видеолорун социалдык тармактарга жарыялашкан. Айрыкча Термини бекети, Виа Национале борбордук көчөсү жана Эсквилин дөбөсү куштардын өлүгүнө толуп калган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы жылдык фейерверк атылып баштагандан тарта тарсылдактан үрккөн жана салюттун учкундары тийген канаттуулардын өлүгү шаарга «жамгырдай жаап» турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM