Биз менен байланышыңыз

Малайзия: «AirAsia» 2022-жылы учак такси чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 494 | 0

Малайзиянын «AirAsia» компаниясы 2022-жылы учуучу такси кызматын ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу «AirAsia Group Berhad» компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Тони Фернандес жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Фернандестин айтымында, жаңы кызмат бир жарым жылдан кийин ишке кирет. Учак таксилерде төрт орундан кем эмес орун болот.

Ал жаңы кызматты баштоого канча каражат кетерин жана жол кире канча болорун, учуп бараткан унааларды ким жеткирерин так айткан жок.

2020-жылы «AirAsia» кардарларына бир нече ай бою каалагандай саякаттоого мүмкүндүк берген «чексиз билеттерди» сунуш кылган. Авиакомпаниянын башкы менеджери Карен Чандын айтымында, 200 миңден ашуун мындай билет 100 доллардан сатылган.

Ар кайсы өлкөлөрдөгү бир катар компаниялар учуучу машиналардын прототиптерин иштеп чыгышкан. «Airbus» 2018-жылы «Alpha One» учак-такси сыноолорун өткөргөн. Германиянын «Lilium» стартабы 36 электр кыймылдаткычы менен өзүнүн прототибин көрсөттү, ал эми 2018-жылы «Rolls-Royce» жана 2019-жылы «Volocopter» стартабы учуучу автоунаанын моделин сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM