Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Чет өлкөдөн сөөктү алып келүүгө 50 миң сом жетпейт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2019 | 935 | 0

Борбор Азияда Кыргызстан — чет өлкөдө каза болгон жарандардын жакындарына компенсация төлөгөн жалгыз өлкө. Компенсациянын жалпы көлөмү 50 миң сом. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 357 кыргызстандыктын сөөгү келген. Анын сексенден ашыгына компенсация берилген. 50 миң сомдук компенсация сөөктү алып келүүдө кандайдыр бир чыгымды жаап берет.

-Маселен, Орусиядан каза болгон адамдын сөөгүн мекенге алып келүүгө эле 120 миң рубль кетет. Бул сыртка чыгып иштегендерге абдан оорчулук жаратууда. Жада калса, мекендештер каза болгон кишинин сөөгүнүн сүрөтүн интернеттерге чыгарып, бул жакка жиберүү үчүн тыйын чогултушууда. Бул маселени толугу менен жабуу үчүн бир сунушту киргизүүдөбүз. Ар бир мекендешибиздин сөөгү туулган жерине коюлушу керек. Бул максатта “Замандаш” партиясы жана чет жердеги мекендештер “жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында ар бир кыргызстандык мигранттын өмүрүн камсыздандырууну сунуштап кол топтоп жатабыз. Өкмөттүн алдында камсыздандыруу компаниясы түзүлсүн. Эгерде капысынан сыртта жараныбыз каза болсо, сөөктү компания алып келип берет. Ошондо бюджеттен бир тыйын да кетпейт. Анан сыртта жүргөн жарандарыбызды каттоо жүрөт. Анткени мамлекеттик органдарда мигрант болуп чет өлгө иш издеп кеткендердин так саны жок. Эң негизгиси каза болгон ар бир мекендешибиздин сөөгү өлкөгө келет.

Эске салсак, “Замандаш” партиясы жана чет жердеги мекендештер “Жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында  ар бир кыргызстандык мигранттын өмүрүн камсыздандырууну сунуштады. Өлкөдөн чыгып жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу полиси 300 сом деп белгиленүүдө.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын башынан бери Кыргызстанга 19 мекендештин сөөгү алып келинген.

Copyright © 2017 Maral FM