Биз менен байланышыңыз

Орусияда мигранттар патентти манжа изи бар карта түрүндө алышат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 808 | 0

Орусия мигранттарга электрондук манжа изи коюлган патент киргизди. Бул тууралуу Орусия Ички иштер министрлиги атайын буйрук чыгарганын «РИА Новости» жазды.

«Орусияга виза талап кылбаган шартта келген чет элдин жаранына же жарандыгы жок адамга электрондук маалыматтары камтылган карта түрүндөгү патент берилсин», — деп айтылат буйрукта.

Белгилүү болгондой, мындан ары мигранттар патентти чип-карта түрүндө алышат. Анда жарандын манжа изи, сүрөтү, биометрикалык маалыматтары катылып коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM