Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөгө чыккан жарандын өмүрүн камсыздандыруу сунушталды

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 1447 | 0

“Замандаш” партиясы жана чет жердеги мекендештер “Жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында  ар бир кыргызстандык мигранттын өмүрүн камсыздандырууну сунуштады. Сыртта жүргөн кыргызстандыктар Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин бул сунушту колдоосун талап кылып, кол чогулта башташты.

Орусиядан тышкары Италия, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар да кол чогултуп баштаганы маалыматта айтылат.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын башынан бери Кыргызстанга 19 мекендештин сөөгү алып келинген.

Copyright © 2017 Maral FM