Биз менен байланышыңыз

Орусияда чет элдиктерге өз үйлөрүндө мигранттарды каттоого уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 529 | 0

7-сентябрдан тарта Оруссиядагы чет элдик жарандар башка чет элдик жарандарды өз батирлерине каттай алышат. Тиешелүү мыйзам укуктук маалыматтын расмий порталына жарыяланганын РБК жазды.

Буга чейин чет өлкөлүктөргө өздөрүнүн батирлеринде гана каттоодон өтүүгө уруксат берилген. Жакын туугандарын жашаган жерине каттоого уруксат берилген жогорку квалификациялуу адистер үчүн өзгөчө учурлар болгон.

Эми Орусияда жашаган чет элдиктер же жарандыгы жок адамдар аны башка чет өлкөлүккө же жарандыгы жок адамга жашап турууга көрсөтө алышат.

Чет элдик жаран келген күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек. Эгерде чет элдик жаран мейманканада, санаторийде, дарылоо мекемесинде же үй-жайы жок адамдар үчүн социалдык тейлөө уюмунда болсо, нөөмөттө иштесе же атайын мекемеде административдик жазасын өтөп жатса, жогоруда айтылгандар колдонулбайт.

Бул эреже чет өлкөлөрдө жашаган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Орусияга ыктыярдуу көчүүсүн жеңилдетүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары болгон чет өлкөлүктөргө жайылтылбайт. Аларга жашаган жери боюнча 30 күн каттоодон өтпөөгө уруксат берилет. Жалпы шарттар аларга кийинчерээк колдонулат.

Орусиядагы бардык чет элдиктер үчүн жеке кабинети бар бирдиктүү маалымат аянтчасы түзүлөрүн өлкөнүн Ички иштер министрлиги июнь айынын башында билдирген. Бул аянтчанын жардамы менен мигранттар мамлекеттик кызматтарды колдонуп, расмий органдар менен өз ара аракеттешип, мобилдик тиркеме аркылуу маалымат ала алышат.

Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов РБКга билдиргендей, мигранттар көбүнчө патенттерин узартууну же миграциялык эсебин узартууну унутушат, ошондуктан алар өзүлөрүнүн эркине каршы мыйзамсыз иммигранттар болуп калышат.

Анын пикиринде, өчпөс эскертмелери бар тиркеме бул көйгөйдү чече алат.

Copyright © 2017 Maral FM