Биз менен байланышыңыз

Греция: Качкындар лагериндеги өрт чуу жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 630 | 0

Грециядагы качкындар лагеринде өрт чыгып, кеминде 2 адам каза болгон. Анын айынан нааразычылык акциясы күчөп, ызы-чуу жаралган. Акцияны токтотуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

Мигранттардын айтымында, өрт өчүрүүчүлөр аябай кеч келишкен, келген соң да шашпай кыймылдап, өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан эмес.

Грециянын Лесбос аралында жайгашкан «Мориа» лагеринде 12 миңдей мигрант чатыр жана контейнерлерде баш калкалап келишет. Аталган лагерде калктын саны ченемден ашып кеткен. Расмий түрдө бул жер 3 миң адамга ылайыкташкан.

2018-жылы БУУнун качкындар боюнча агенттиги грек бийлигине Лесбос аралындагы шарты өтө начар мигранттар лагерин башка аймакка көчүрүүгө чакырган.

Грецияга акыркы убактарда Сириядагы согуштан качкандар көп келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM