Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Орусияда калган 25 жаранын кулчулуктан бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 660 | 0

Өзбекстан элчилиги Орусиянын Астрахан облусундагы ишкерлердин биринде кулчулукта жүргөн 25 өзбек жаранына документтерин калыбына келтирүүгө жана иштеген акыларын өндүрүп алууга жардам берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Астрахан облусундагы ишкер 25 өзбек жаранынын паспортторун тартып алып, аларга маянасын бербей жүргөн. Ал эми бул маселени чечүү үчүн консулдуктун кызматкерлери ал ишкер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында жарандардын документтери кайтарылып берилип, алардын эмгек акылары төлөнгөн. Ал эми жумушчулар мекенине кайтарылган.

Өзбекстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайда эмгек келишими жоктугу үчүн кармалган 50 өзбек жараны бар. Анын 11ине сертификаттар берилип, алар мекенине кайтарылган.

Copyright © 2017 Maral FM