Биз менен байланышыңыз

Орусияда кыргыз мигрантын көчөдөн атып кетишти

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 2618 | 0

Санкт-Петербургдун Всеволожск районунда кыргыз мигрантын көчөдөн атып кетишти. Бул тууралуу konkretno.ru маалымат булагы жазды. Окуя дүйшөмбү күнү түндө Шувалов көчөсүндөгү №4 үйдүн жанында болгон. 24 жаштагы кыргызстандык жигитке ок тийген.

Көчөдө турган кыргызстандыктын жанына 20-25 жаштардагы өңү европалык эки адам келип чылым (тамеки) сурашкан. Тамеки бербегенден соң аны тапанча менен көкүрөк тушуна жана бутуна атып, кетип калышканын жергиликтүү басылмалар окуянын күбөлөрүнө таянып билдиришкен.

Окуя боюнча Всеволожск районунун полициясы териштирүү ишин баштаган.

Ок тийген кыргызстандыктын ден соолугунун абалы, тагдыры тууралуу башка малымат айтылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM