Биз менен байланышыңыз

«Миллиарддарды которгон мигранттар башка өлкөгө эселеп пайда алып келүүдө»

Коом | 27 Июн 2019 | 1272 | 0

Бишкекте алгачкы жолу «Мигрант үнү» аталышындагы акция өттү. Анда миграция багытындагы көйгөйлөр көтөрүлдү. Акцияга катышкан мигранттардын айтымында, алар өлкөгө жыл сайын 2,5 млрд доллардын тегерегинде каражат которуп турганы менен эмгекке жарамдуу калктын күчүн, акылын, билимин башка мамлекет пайдаланып жатат. Ошондой эле, акциянын алкагында «Марал» радиосунун жыйындар залында тегерек үстөл өткөрүлүп, анда мигранттардын балдарынын келечеги жана азыркы абалы талкууланды.

800 миңдей кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80 %ы Орусияда. Маалыматка ылайык, өткөн жылы мигранттар өлкөгө 2,5 млрд доллардын тегерегинде каражат которгон. Бирок мигранттар өз өлкөсүнө чоң суммадагы акча которуп жатышканы менен иштеп жаткан өлкөгө мындан да көп пайда алып келип жатканын айтышууда. Ишкер, мигрант Азамат Адылгазиев «Маралда» өткөн тегерек үстөлдө Орусия кыргызстандыктарга өзүнүн өлкөсүндө түзүлбөгөн шарттарды түзүп берип жатканын билдирди.

— Мигранттар Орусиядан 2.5 млрд сом которгонубуз менен Орусияга андан да чоң киреше алып келүүдөбүз. Кыргызстандын болгон акылын, күчүн башка мамлекет колдонуп жатат. А бизде кандай? Шарттар түзүлмөк тургай, министрликтин аткарган иши белгисиз, мигранттарга айта турган акылы жок. Таратып бере турган буклети жок. Анан кайдагы шарт?

Мигранттарды түйшөлткөн эң негизги маселелердин дагы бири Кыргызстанда калган жана өздөрү менен бирге батирден батирге көчүп жүргөн балдардын келечеги. Маалыматка ылайык, соңку жылдарда өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук көбөйгөн. Адистер алардын көпчүлүгү мигранттардын балдары экенин айтып келишет. Ал эми мигрант, ишкер Элнура Суранова ата-энеси менен чогуу кеткен балдардын келечеги да ойлондурарын айтат. «Азыркы тапта мектептерге, бала бакчага берип окутканга шарты болгону менен, улуттук баалуулуктан алыс өскөн келечек муун чоңоюп жатат», — деп кабатырланат.

— Көптөгөн мигранттар балдарын бул жакка таштап иштеп жатышат. Андан тышкары, жанына ала кеткендери да бар. Алардын келечеги ойлондурат. Анткени, көпчүлүк үй-бүлөлөр өзүнчө батир ала алышпайт. 2-3 үй-бүлө чогуу жашашат. Ар бир үй-бүлөнүн өз көйгөйү бар. Тилекке каршы, балдар да ошол нерселерге күбө болуп чоңоюп жатышат.

Мындан тышкары, мигранттар камсыздандыруу фондун түзүүнү демилгелешет. Анткени, «Жүк-200» үчүн берилүүчү компенсацияны алуунун шарттары оор. Мындан улам, каза болгон кыргызстандыкты өлкөгө алып келүүдө кыйынчылыктар көп болуп, компенсация качан гана документтер чогултулган учурда берилет. «KG-Russ» коомунун жетекчиси, мигрант Толкунбай Акматов: «Ар бир мигрант чек арадан каражат төлөп өтсө, аны оор кырдаалда жумшоого мүмкүнчүлүк болмок», — дейт.

Чек арадан ар бир жаран каражат төлөп өтсө жакшы болмок. Эгер кокустук болсо, ошол каражат колдонулмак. Биз: «Мигранттардын камсыздандыруу фондун түзүп, ачык иштете турган кылып негиздеп бергиле», — деп 3 жылдан бери айтабыз. Эч ким карабайт, өкмөт да башын жерге салат. 

Мигранттардын көтөргөн маселелеринин жөнү бар экенин «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирет. Азыркы күнгө чейин атайын миграция багытында концепция жок экенин белгилеп, муну ишке ашырууда мигранттардын өздөрүнүн ролу чоң экенин айтат.

— Миграция жаатында жалпы концепция кабыл алына элек. Бул качан кабыл алынат? Качан гана ошол концепциянын иштелишинде мигранттар силердин катышууңар болсо.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүн мигранттардан которулган каражат түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM