Биз менен байланышыңыз

Айдаров: Чет жакта өлгөн кыргызстандыктардын окуясы толук иликтенбейт

Күн чабыт | 28 Янв 2019 | 1717 | 0

Түркиянын Адана шаарында кыргыз улутундагы жаран өз жанын кыйганы кабарланды. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, өмүрүнө кол салган жаран Айзада Намбетова 31 жашта болгон. Ал Адана шаарында бир үй-бүлөнүн балдарын карап иштеп жүргөн. Ал эмне себептен суицидке баргандыгы учурда териштирилип жатат. Маркумдун сөөгү медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күндө чет жактар иштеп жургөн кыргызстандыктарды өлүмгө түрткөн кандай жагдай болушу мүмкүн, жана алар юридикалык, психикалык жардам алууга шарт барбы? Мигранттардын укугу тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Расул Айдаров менен маек курабыз.

Марал: Чет өлкөгө иштегени кеткен кыргыз мигранттарынын өз жанын кыйган фактылары көп. Алардын психикалык, юридикалык жагдайлары иликтенип чыкканбы?

Расул Айдаров: Жогоруда айтылган окуя өтө кейичтүү болду, маркумдун жакындарына көңүл айтабыз. “Замандаш” ассоциациясы миграция маселеси пайда болгондон баштап эле мигранттар менен иштешет. Бүгүнкү күндө Орусия, Казакстан, жакынкы алыскы чет мамлекеттердеги диаспоралык 115 уюмдун башын бириктирип иш алып барып келет. Эң негизги милдетибиз мигранттардын укугу, юридикалык жардам берүү боюнча толук маалыматтарды берип келет. Материалдык жактан да колдоо көрсөтүп келет.

Марал: Мигранттардын өз жанын кыйган учуру, же алардын коопсуздугуна доо келтирген учурлар көп катталат. Мындай учурда сиздердин бирикме кандай жардам бере алат?

Расул Айдаров: Эң биринчи кезекте окуя кайсы шаарда болгонун тактап, ошол аймактагы диаспора өкүлдөрү иш алып барат. Анын туугандарын таап, мекениндеги жакындары менен байланышып, өкмөттүк, өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышат. Ошондой эле анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча көмөк көрсөтөбүз.

Марал: Түркиядагы өз жанын кыйган жарандын окуясы, деги эле мындай окуялар аягына чейин иликтенеби? Юридикалык баа берилген учур болобу?

Расул Айдаров: тилекке каршы, чет макмлекетте болгон мындай окуялар толук иликтенбей калып калат. Себеби бир жагынан эл аралык келишимдердин толук иштебегендиги, экинчиден жабыркаган тарап арыз бербей коюшат. Анткени териштирүү иштери көпкө созулгандыктан көпчүлүгү арыз жазуудан баш тартып, окуя ошол бойдон калып калышат.

Марал: Негизи чет өлкөгө чыккан кыргыз мигранты юридикалык, психикалык жардамдар менен камсыз болгонбу? Бул багытта мамлекеттик атайын программа болушу керекпи?

Расул Айдаров: Чет жакка чыгып жаткан кыргыз мигранттары укуктук, психикалык жардам менен толук камсыз болушпайт. Себеби алар чет өлкөгө чыгаардан мурун өз өлкөсүндө аларга туура кеп-кеңештер, укуктук маалыматтар берилиши керек.

Бул багытта мамлекеттик программанын болушу зарыл. Акыркы убакытта өлкө бийлиги мигранттарга олуттуу көңүл бура баштады. Бул маселе Эл аралык уюмдардын да көңүл чордонунда болууда.

Copyright © 2017 Maral FM