Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Чет өлкөгө коюлган мекендештердин сөөгүн алып келүү үчүн фатва чыгартабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2019 | 1445 | 0

Чет өлкөдө каза болгон мекендештердин көбүнүн сөөгү Кыргызстанга келбей, башка динди тутунгандардын мүрзөсүнө коюлуп калууда. Бул тууралуу «Марал» радиосунда чет өлкөдө жүргөн мекендештердин өмүрүн камсыздандыруу боюнча талкууда «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, мусулмандын сөөгү мусулманча жерге берилүүгө тийиш. Каза болгон мусулман адамга сөзсүз түрдө жаназа окуу керек.

-Чет жакта сөөгү жерге берилген мекендештердин сөөгүн казып Кыргызстанга алып келүүгө муфтияттан фатва чыгартырабыз. Мусулмандын сөөгү өз жерине берилиши керек. Жада калса, Орусиядан биздин жарандарга өзүнчө жер бөлүнүп берилиши керек. Ушундай маселелер бар.

Эске салсак, өткөн жылы чет өлкөдө жүргөн 357 кыргызстандык каза болгон. Алардын ичинен 80ден ашыгынын сөөгү мекенге алып келинген.

Copyright © 2017 Maral FM