Биз менен байланышыңыз

Британиялык хирургдун үйүнөн миңдеген адамдын сөөктөрү табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 1238 | 0

Саясатчы, спортчу жана таанымал адамдарды дарылаган белгилүү британиялык хирург Дерек МакМинн жашыруун түрдө адам сөөктөрүн чогултуп жүргөн. МакМинн мындай «хоббисин» пенсияга чыкканда психикалык тереңдикти сактоо үчүн сөөктөрдү изилдегиси келгендиги менен түшүндүрдү.

Дарыгер өзүнүн «коллекциясын» 1990-жылдардын башынан бери чогултуп келе жатат. Ал жамбаш муундарын протездөө учурунда бейтаптардын сөөктөрүн уруксатыз чогултуп жүргөн.

Дарыгер иштеген Бирмингемдеги оорукананын кызматкерлери Макминдин адаттан тыш хоббисин билип, ал тургай, ага жардам беришкен. Алардын айрымдары алынып салынган сөөктөрдү атайын идиштерге салууга жардамдашкан. Андан кийин бул идиштерди хирургдун жардамчылары алып кетишчү.

МакМинн 2019-жылы өзүнүн «кызыгуусу» жөнүндө оорукана жетекчилигине маалымат берет.

Оорукананын кызматкерлери билдиргендей, МакМинн бейтапканага чоң киреше алып келгендиктен, маалыматты  ошол учурда жарыя кылбоо чечими кабыл алынган.

Полиция дарыгерге карата тергөө ишин баштады. МакМинн адамдын тканы жөнүндө мыйзам бузууга шектелүүдө. Анткени анын адам органдарын сактоого расмий уруксаты жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM