Биз менен байланышыңыз

Алиев: Кыргызстанда да сөөктү өрттөөгө өтүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Дек 2018 | 1147 | 0

Жабылган көрүстөндү кайра ачууга болбойт. Аны кайра ачканда уу чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Аскербек Алиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Боордоштор көрүстөнүнө минден ашык бак тиктик. Ал шаардын ортосунда болгондуктан аны ачканга болбойт. Санитардык нормага туура келебейт. Башка мамлекеттер жер тартыш реформага барган. Алсак, Италияда сөөктү өрттөп жиберишет. Кыргызстанда да ушундай реформа кылууга жакындап калды. Себеби жер тартыш. Бирок буга диний конфессиялар азырынча каршылык көрсөтүп жатыштат»,-дейт Алиев.

Анын айтымында, көрүстөндөргө көп жылдан бери реформа жасалбайт. Бул тармак шаардык кеңеш тарабынан дагы каралбай калган. Анын натыйжасында өйдө-төмөн сөздөр чыккан. Мындан улам аза кызматтарын жакшыртуу үчүн атайын техника алынган.

«Атайын техника керек. Себеби кышында көчөдө калып каза болгондорду да биз акыркы сапарга узатабыз. 3 техника келди, дагы 2 техника келет. Аларга былтыр шаардык бюджеттен каражат бөлдүрүп алганбыз. Себеби техника алууга каражатыбыз жетпейт. Аза кызматтарын аткаруудан жыл сайын орточо эсеп менен 18 млн сомдой каражат түшөт. Ал кызматкерлердин айлык акыларына, коммуналдык чыгымдарга керектелет»,-дейт Алиев.

Маалыматка ылайык, Бишкектен 30 чакырымдай алыс жайгашкан Гроздь айылындагы жаңы көрүстөндө аза өткөрүүгө бардык шарттар каралган. Көрүстөндүн аянты 42 гектар. Быйыл 300дөй киши көмүлдү.

«Каза болгон абышка-кемпирди же жакын туугандарды жанаша көмүүгө уруксат бар. Ушул маселе абдан оор. 5 миңге жакын адамда ушундай орун бар. Түштүк-Батыш көрүстөнүндө жакындарына алдын ала жер алгандар болгон. Кабыр ачылып, сөөк сыртка чыгып калган фактылар жок»,-дейт Алиев.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM