Биз менен байланышыңыз

Ананьеводо талкаланган көрүстөндөр жазында оӊдолот

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 807 | 0

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы белгисиз адамдар тарабынан талкаланган православдар көрүстөнү жаз мезгилинде калыбына келтирилет. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Таалай Кубат уулу “Маралдын” аймактагы кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта коомчулук арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Анын алкагында орус улутундагы өкүлдөргө көрүстөндүн эстеликтерин оӊдоо үчүн айыл өкмөтү тарабынан жыгач бөлүнөрү айтылган.

«Биздин айыл аймакта 10 миӊге жакын калк жашайт. Анын ичинде 15ке жакын ар улуттун өкүлдөрү бар. Мурда көрүстөндөрдүн эстелигин талкалоо боюнча бир да жолу кылмыш иши катталган эмес. Талкалангандарын калыбына келтирүү үчүн айыл өкмөт тарабынан жардам берилет. Бүгүнкү күндө эл менен жолугуп сүйлөшкөндө бул иштерди жаз айына калтырууну туура көрүштү. Анткени алар апрель айында “Пасха” майрамына жакын көрүстөндү актап, сырдап тазалоо иштери менен бирге эстеликтерди коебуз деген чечим чыгарышты», -деди Таалай Кубат уулу.

Эске салсак, 11-январда саат 16:00 чамасында чиркөөнүн кароолчусу менен диний кызматкер сыйынуу үчүн барышканда бир нече эстелик талкаланып турганын көрүшкөн. Ал жерден милиция кызматкерлери христиан дининдегилер тагына турган  кайчылашкан сызык формасындагы 35 белгини жана мрамордон жасалган 2 эстеликти сынган абалда табышты. Азыркы тапта милиция кызматкерлери жалпы 91 эстеликтин сынганын аныктады.

Copyright © 2017 Maral FM