Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ысык-Көлдө көрүстөндү талкалагандарды табууну тапшырды

Кыска кабар | 13 Янв 2019 | 903 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Биздин өлкө үчүн бул өзгөчө адепсиз көрүнүш, анткени көзү өткөндөрдүн элесин урматтоо – Кыргызстандын элине таандык маанилүү сапаттардын бири эмеспи. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылып жана жазага тартылышы керек», – деди Абылгазиев.

Ал буга кошумча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш экенин белгиледи.

Эске салсак, 11-январда белгисиз бирөөлөр Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы көрүстөнгө келип 34 жыгач крестти жана эки мрамор эстеликти талкалап кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM