Биз менен байланышыңыз

Бүгүн маркум Сапарбек Касмамбетовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 609 | 0

Маркум Сапарбек Касмамбетовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 21-январда эртең мененки саат 11.00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт жана сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

19-январда 86 жаш курагында улуу манасчылардын жолун жолдогон залкар манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Ысык-Көл районунун Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштык кези Корумдуда өтүп, кийин Балыкчы шаарында эмгек жолу башталып, билим берүү тармагында эмгектенди. Маданий агартуу тармагында жарым кылымдан ашуун эмгектенип элибиздин руханий дүйнөсүнө өзгөчө салым кошту. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылыгы таанылып, элдик ыр-күүлөрдү, дастандарды жайылтуучулардын бири болду. 1992-жылы өткөрүлгөн республикалык төкмө акындардын биринчи айтышынан тартып акындык өнөрдү алдыга сүрөп, жол баштап, шакирттерди өстүрүп чыкты.

Сапарбек Касмамбетов кыргыз журтуна залкар манасчы катары таанылып, эл алдында улуу Манас дастанын күн-түнү айтып, өзүнүн манасчылык өнөрдөгү өзгөчөлүгү, айтуу ыкмасы, образы менен айрымаланып, элдин оозунда бийик баага арзыды. Ал манасчылык өнөрдү жети жашынан аркалап, атактуу манасчылардын изи менен жүрүп, алардын өнөр шыбагасын боюна сиңирип, устат өнөрүн узанып келди. Сапарбек Касмамбетовдун манас айтуу өнөрүндөгү классикалык үлгүсү катары «Күлчоронун Үргөнч дайрасын кечип өтүүсү», тууралуу баянды айтууга болот. Манас изилдөөчүлөр жана адисттер Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы бул баянды манасчылык өнөрдүн туу чокусуна салыштырып келет. Бул баян «Манас» изилдөө жаатында «Сапарбек манасчынын окуясы» деген баага арзыган. Манасчы өзүнүн варианты катары «Жарманас», «Билерик», «Эр Кошой» бөлүктөрүн көркөмдүк чеберчиликте баяндап айтып, эпостун байышына өзгөчө салымын кошкон. Бул варианттарын толугу менен айтып, Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» 40 сааттан ашуун көлөмдө жаздырган.

Сапарбек Касмамбетов жазуучу жана акын катары да кеңири таанымал. Кыргыз улуттук адабиятында «Бала Манас баяны», «Аккула» эпикалык чыгармалары нукура адабиятыбыздын асыл берметтеринин бири болуп калды. Андан сырткары акындын «Асыл эне», «Балыкчы баяны», «Бала кыялы» чыгармалары китеп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланып, мектеп программасына да киргизилген.

Залкар манасчы Сапарбек Касмамбетовдун «Манас» эпосунун окуялары англис тилине которулуп, Улуу Британияда жарык көрдү. Анын айтуусундагы «Манасты» Англиялык эпос адистери «феноменалдык көрүнүш» катары баалап, Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көргөн. Аталган китепке Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы «Манас» эпосу CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Залкар манасчы «Манас» эпосун эл аралык деңгээлге көтөрүп, көптөгөн чет өлкөлөрдө айтып келди. Ал Шотландияда «Манас» эпосун 20 саат бою тынымсыз айтып өзгөчө баага арзыган. Шотландияда Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы «Манасты» үч томдук китеп кылып басып чыгарды. Анын бет ачары Лондондо жана көптөгөн Европанын шаарларында өттү.

Айтылуу манасчы, залкар талант 2010-жылы «Улуу Баян» коомдук фонду тарабынан «Эл манасчысы» наамына арзып, «Залкар манасчы» сыйлыгын алган. Анын манасчылык, төкмөлүк өнөрү жогору бааланып «Даңк» медалы, «Манас 1000» мааракелик медалы менен сыйланган, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM