Биз менен байланышыңыз

Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду

Кыска кабар | 19 Янв 2020 | 1595 | 0

Манасчы, төкмө акын, эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, «Манас-1000» юбилейлик медалынын жана «Даңк» медалынын ээси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетов көз жумду. Бул тууралуу анын шакирти Азиз Биймырза уулу өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Сапарбек Касмамбет уулу 1934-жылы 30-майда Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Кочкордо  окуп, таалим алган.

Жаш чагындагы «Манас» дастанын айтып калган учурун эскерип, «Айат-пресс» басылмасына 2009-жылы мындай деп айткан:

«Манас» айтуу — бул өзүнчө узак кеп. Мен «Манасты» 7-8 жашыман айтып баштагам. Эч кимден таалим алган эмесмин. Саякбай Каралаевди көрүп, учурашып, убагында «Манас» айтканын угуп, таасирленгем. Саякбай Каралаевдин баласы мени менен чогуу иштеп, аганы көп көрүп калчумун. Бирок эч убакта Саякбайдан же Чалагыздан таалим-тарбия алган жокмун. Театрда чоң обончу, композитор Ж. Шералиев жана башка атактуу адамдар менен иштешип, бирге жүрдүм. Балким мага ошолордун таасири тийгендир.

Бирок талант өзүнөн-өзү жаралат. Бирөөдөн таалим-тарбия алдым деген бекер сөз. Эгер талант болбосо, канчалык күчтүү тарбия алса да, ал кишиден эч нерсе чыкпайт. Жаттама болуп калат. Мынакей, азыр миңден ашык саптардан оозеки айткандыгым үчүн эки китеп чыгып олтурат. «Эр Кошой», «Билерик» деген китептер жарык көрдү».

Сапарбек Касмамбетов көптөгөн чыгармалардын автору. “Эр Кошой” эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Андан сырткары, акындын “Асыл эне”, “Билерик”, “Балыкчы баяны”, “Бала Манас” чыгармалары китеп болуп басылып чыккан.

“Манас” эпосунун окуялары англис тилинде баяндалган китеп “Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov’s Recitations Of Epic Poetry” деген аталышта Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көргөн. Анын редакторлору — Кейт Ховард, Сапарбек Касмамбетов. Китепте “Манас” эпосунун негизги окуялары кара сөз түрүндө берилип, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Китеп 134 беттен турат. Китеп кыргыздардын жана жалпы эле көчмөн элдердин оозеки көркөм чыгармачылыгына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Copyright © 2017 Maral FM