Биз менен байланышыңыз

Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында 111 саат «Манас» айтты (видео)

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 712 | 0

Бүгүн, 6-сентябрда Москва шаарында Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусун аякташына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Дөөлөт Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабы менен Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Москва шаарында беш күн, беш түн, жалпы 111 саат «Манас» айтты.

Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен өкүлдөр, манас таануучулар, диаспоралык уюмдар катышты.

Эске салсак, Сыдыков 2020-жылы ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Бирок Гиннес рекорддор китебине катталбай калган.

Copyright © 2017 Maral FM