Биз менен байланышыңыз

«Манаска каршы чыккан кишинин жакшы болгонун уккан эмесмин»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Ноя 2020 | 591 | 0

Манаска каршы чыккан кишинин жакшы, ага күйгөн кишинин жаман болгонун уккан эмесмин. Мындай оюн манасчы Дөөлөт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал угармандын: «Өлкөдө илдет күч алып турганда «Манас» айтуунун зарылчылыгы бар беле?» — деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди:

«Манасчы келет дегенде:

Байлатма жинди соо болгон, 

Жин-шайтан качып жоголгон», — деп илгертен айтылган кеп бар. Илгеркилер ылаңдаган мал, ооруп калган жан болсо «Манас» айттырган. Эли-журтубузду колдоп, эл-жерибиз кемибесин деп «Манас» айттык. Бабаларга шек келтирбөө керек. «Манаска» каршы чыккан кишинин жакшы, ага күйгөн кишинин жаман болгонун уккан эмесмин», — деди Сыдыков.

Ушул жылдын 12-ноябрында Дөөлөт Сыдыков Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт 51 секунд «Манас» айтып, дүйнөгө рекорд койгон.

Copyright © 2017 Maral FM