Биз менен байланышыңыз

Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында «Манас» айтуусун баштады

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 1164 | 0

Бүгүн, 31-августта Орусиянын Москва шаарында Манасчы Доолот Сыдыковдун «Манас» эпосун айтуусунун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Доолот Сыдыков Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата жана Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн «Манас» айтмакчы.

Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат, манас таануучулар, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Элчи өз сөзүндө улуу Манастын кыргыз эли үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, Дөөлөт Сыдыковго анын бийик миссиясына жетүүдө ийгилик каалады.

Өз кезегинде манасчы Дөөлөт Сыдыков бул иш-чараны Москвада уюштурууга көмөк көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Сыдыков былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай «Манас» айткан. Бирок Гиннес рекорддор китебине катталбай калган.

Copyright © 2017 Maral FM