Биз менен байланышыңыз

Элнура Кулуева: Манасчыга мамлекет моралдык гана жардам көргөздү

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 785 | 0

12-ноябрь күнү борбордук «Ала-Тоо» аянтында белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтып, рекорд койду. Аянтта миңден ашуун адам «Манастап» ураан чакырып, манасчыны сүрөөнгө алып турушту.

Бул жеңиш туурасында уюштуруучулардын бири, журналист Элнура Кулуева «Марал» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

«Гиннес рекорддор китебине катталуунун эки түрү бар: биринчиси,видео түрүндө берилиши керек; экинчиси, өкүлчүлүк тараптан келүү болуп саналат. Бешбармакты да рекорд китебине киргизерде видео түрүн тандаганбыз. Анткени ал тараптан өкүлчүлүк келе турган болсо, чоң суммадагы гонорар сурайт.

Аталган китепке манасчылык өнөр өзүнчө бөлүм болуп ачылышы үчүн 1000 (миң) доллар төлөгөнбүз. Мамлекет тарабынан моралдык гана колдоо болду. Ал эми мындай улуттук долбоорлорду жан дүйнөсүндө мекенчил сезими барлар колдойт да. Пандемия учурунда Мекенге, элине колдоо көрсөтүп, 15 миллион сом акча берген патриот инсан, жеке ишкер Азат Исакунов манасчы Дөөлөт Сыдыковду «Манас» айтуу боюнча Гиннес рекорддор китебине кирип калса» деген изги тилеги менен колдоп берди.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков  12 саат бою тынбай «Манас» айткан. Ал жазылып, архивде сакталып турат. Бул жолкусунда 14 сааттан ашык убакыт «Манас» айтты. Эгер токтотпосок, балким дагы транска кирип, таң атканча айтмак. Биз анын саламаттыгын ойлодук. Буга  чейин ал дарыгерлерге көрүнүп, кыргыздын  улуттук тамак-аштарын жеп, өзүнө ишенип, эрежени сактады».

Copyright © 2017 Maral FM